Turmush — Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында бийиктиги 2,5 метр болгон кызыл карагай (сосна) отургузулуп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Искендер Өскөмбаев билдирди.
Беловодск айылы Нарзан айыл аймагында жайгашкан. Административдик- аймактык реформадан соң, Биринчи май жана Беловодск айыл аймактары бириктирилип, жаңы аталыштагы Нарзан айыл аймагы түзүлгөн.
«Райондо айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жумуштары башталды. Райондогу борбордук Ленин көчөсүндө жана сейил бакта Өзбекстандан алынып келген 200 түп кызыл карагай отургузулуп жатат. Анын бийиктиги 2,5 метр», - деди айыл өкмөтүнүн башчысы.