Turmush — Чүй облусунун Москва районуна караштуу Нарзан айыл аймагында айлана-чөйрөнү, ички көчөлөрдү жана борбордук эс алуу паркын иретке келтирүү жумуштары уланууда. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Өскөмбаев билдирди.
ААРден кийин Биринчи май жана Беловодск айыл аймактары бириктирилип, административдик борбору Беловодск айылы болуу менен жаңы аталыштагы Нарзан айыл аймагы түзүлгөн.
«Районакими Ниязбек Козуевдин тапшырмасынын негизинде айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча айыл аймакта алгылыктуу жумуштар уланууда. Жаз алды менен борбордук Ленин көчөсүнө жаш көчөттөр отургузулуп, арыктар тазаланып, түрдүү гүлдөр отургузулган. Эми аларды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жумуштары менен биргеликте айлана-чөйрөнү тазалоо, бак-дарактарды актоо, чөп баскан жайларды иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Мындай иштер "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында уланууда», - деди айыл өкмөт башчысы.
Ал эми Петровка айылында да Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун боюндагы бак- дарактар, айлана-чөйрө иретке келтирилгенин Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңиш Байсульдаев маалымдады.
Президент С.Жапаров 2022-жылы 12-мартта Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү башталганын жарыялаган.