Turmush — Чүй облусунун Москва районунда айыл өкмөттөр арасында өткөн футбол боюнча спорттук мелдеште Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн кызматкерлери 1-орунду багындырды. Бул тууралуу Төрт-Гүл айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, спорттук мелдеш Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган.
«Сергек жашоо образын калыптандыруу жана айыл аймактар аралык ынтымактыкты чыңдоо максатында уюштурулган футбол боюнча спорттук мелдешке 6 команда катышты. Алардын ичинен биздин команда 1-орунду багындырды. Мындай иш-чараларга байма-бай катышып келебиз», - деп айтылат маалыматта.
Айыл өкмөттөр аралык спорттук мелдеш райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган.