Turmush — Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында 2024-жылдын 5 айында (январь-май) 73 адам жарандык паспорт менен камсыздалып, 16 адамга нике күбөлүгү берилди. Бул тууралуу Калкты каттоо департаментинин региондор аралык 08-04 бөлүмүнөн билдиришти.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №8 түзөтүү колониясы ААРден кийин жаңы аталышка ээ болгон Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Петровка айылында жайгашкан.
«Мыйзам чегиндеги иш-аракеттердин негизинде өткөн 2023-жылы Петровкадагы №8 түзөтүү колониясында абактагы 65 жаранга паспорт берилип, 15 адам нике күбөлүгүн алышкан. Ал эми 2024-жылдын 5 айында (январь-май) 73 адам жарандык паспорт менен камсыздалды. Ошону менен бирге 16 адам нике күбөлүгүн алышты», - деп айтылат маалыматта.