Turmush — Кечээ, 27-майда Чүй облусунун Москва районундагы Нарзан айыл аймагына караштуу Беловодск айылында 600 мугалим 2 тилде «Манас» эпосунан үзүндү айтышты. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Өскөмбаев билдирди.
Иш-чара Беловодск айылындагы балдар өспүрүмдөр спорттук мектебинин базасында өттү.
«Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы болгон "Манас" эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча 600 мугалим кыргыз жана англис тилдеринде үзүндү айтышты. Анда Кыргызстандын желеги чагылдырылды. Уюштуруучулардын бири аймактагы №4 Ак-Суу орто мектебинин чыгармачыл мугалими, райондун мамлекеттик тил боюнча усулдук бирикменин жетекчиси Жаңылай Сулаймановага жана билим берүү бөлүмүнө ыраазычылык билдиребиз», - деди айыл өкмөтүнүн башчысы.
Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу, уюштуруучулардын бири Кундуз Бакытбекова: «Ырас, "Манас" эпосу кыргыз рухунун туу чокусу, элибиздин улуттук байлыгы жана дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври. Биз иш-чарада "Манас" эпосун дагы бир жолу даңазаладык. Иш-чара бардык коопсуздуктарды алдын алуу менен мерчемделип, ийгиликтүү өтүлдү», - деп кошумчалады.