Turmush — Чүй облусунун Москва районундагы айыл аймактарда үй тибиндеги бала бакча ачуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүүүдө. Бул тууралуу Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңиш Байсульдаев билдирди.
ААРден кийин Петровка, Предтеченка жана Беш-Терек айыл аймактары бириктирилип, административдик борбору Петровка айылы болуу менен жаңы аталыштагы Төрт-Гүл айыл өкмөтү түзүлгөн. Анда 17 миңден ашуун калк жашайт.
«Райондун борборуна жакын жайгашкан, 12 миңден ашуун калк жашаган Петровка айылында көйгөйлүү маселердин бири — балдар бакчанын жетишсиздиги. Ырас, бүгүнкү тапта бир гана жеке менчик балдар бакчасы бар. Ал эми айылда бош турган атайын жатак-мектептин имараты айыл өкмөттүн карамагына өткөрүлгөн соң, 150 орундуу балдар бакчасын ачуу максатында капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат. 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылышы да күтүлүүдө. Албетте, бул жергиликтүүлөрдүн муктаждыгын толук канаттандырбайт. Ошондуктан, КР министрлер кабинетинин "Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө ишкердик ишти өнүктүрүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү боюнча" 279-токтомун жетекчиликке алуу менен үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу тууралуу жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди айыл өкмөт башчысы.
Ал эми райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мунара Мамаджанова райондогу бардык айыл аймактарда жыйын өткөрүлүп, жергиликтүүлөргө үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
«Айыл тургундарын толук маалымат менен камсыздоо максатында тиешелүү жетекчилер менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлө турганын баса белгиледик», - деди ал.
Эске сала кетсек, өткөн жылдардан бери Беловодск айылында 2, Садовой айылында 1 үй тибиндеги балдар бакчасы иштеп келет.