Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуМосква району 24.12.2014 13:48

Москва районунун Беш-Терек айылында 30 орундуу жаңы бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айылында 30 орундуу «Бер-Терек» жаңы бала бакча ачылды, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, советтер союзу учурунда 140 орундуу бала бакча иштечү, бирок аны кийин курулуш материалдарына сатып жиберишкен. Ошол убактан бери бул аймакта бир да бала бакча болгон эмес.

Эми АРИС долбоору боюнча социалдык өнүгүү Япониялык фондунун каржылоосу алдында бош турган ФАПтын бөлмөлөрүндө тиешелүү ремонт жүргүзүшүп, жабдыктарды сатып алышып, бала бакчаны ачышты.

АРИС долбоорунун Москва району боюнча эксперт Бакыт Кулапов билдиргендейЮ долбоордун жалпы суммасы 1 млн 302 миң 255 сомду түздү, анын 993 миң сомун АРИС программасы, 309 миң сом айыл өкмөт, калгандары айыл жашоочуларынын каржылоосу менен ишке ашты.

DSCN2780

DSCN2816

DSCN2819

DSCN2777

DSCN2792

DSCN2792

DSCN2789

DSCN2827

DSCN2827

DSCN2828

DSCN2829

DSCN2830

 

DSCN2836

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×