Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуМосква району 12.01.2015 16:53

Чүй облусунун Москва райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктары токтотулду

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде курагынын чегине жеткендигине байланыштуу мурда жергиликтүү соттун судьялыгына дайындалган жана Чуй облусунун Москва райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Тургунбаев Куттубайдын ыйгарым укуктары 2015-жылдын 10-январынан баштап токтотулду.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, мындай Жарлык КР Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×