Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуМосква району 23.01.2015 11:45

Москва районунун санитардык кызматына кошумча 1000 дозалык вакцина берилди

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунун башкы санитардык дарыгери Рыспек Садыгалиевдин билдирген маалыматына караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык иммунитеттик профилактика бөлүмүнөн, Москва районунун санитардык кызматына 1500 дозалык вакцина алып келинип, алар үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна таратылып берилген.

«Биз, эмдөөдөн өтпөгөн жарандарды дыкаттык менен эмделишин көзөмөлгө алабыз. Ошондой эле, кызамык менен ооругандар менен байланышта болгон адамдарды жакшылап текшерип, тез арада эмдөөдөн өткөргөнгө аракет кылабыз. Негизи, алар 72 сааттын же 3 сутка ичинде эмдөөдөн өтүшү зарыл. Калган кошумча катары алып келинген 1000 доза шашылыш учурда колдонуу үчүн сакталып турат», - деп билдирди башкы дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×