Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуМосква району 23.01.2015 12:24

Москва районунда эски инфекция бөлүмүнүн ордуна кызамык бөлүмү ачылды

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы оорукананын эски инфекция бөлүмүнүн жайында кызамык бөлүмү ачылды жана бул жакка кызамык менен келип түшкөндөр үчүн жардам көрсөтүлмөкчү.

Москва районунун башкы санитардык дарыгери Рыспек Садыгалиев билдиргендей, бөлүмдө 29 койка коюлуп, бардык шарттар түзүлгөн.

КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин 2015-жылдын 9-январындагы №2 көрсөтмөсүнө ылайык, кызамык оорусу пайда болгондон тарта, дарылоо-профилактика борборлорунда жарыяланган 21 күндүк карантиндин негизинде, ыкчам түрдө уюштурулган.

Мындан сырткары, райондо тез арада Штаб түзүлүп, Москва району боюнча жарандарга медициналык кызматын көрсөтүү үчүн ыкчамдуу түрдө план курулган. Учурда, үй-бүлөлүк дарыгерлер, оорунун белгилери бар жана эмдөөдөн өтө элек үй-бүлөлөрдү текшерүү үчүн кыдырып жүрүшөт. Райондогу бардык медицина жайлары ыкчам пландалган иш-аракеттердин натыйжасында, өз ара байланышта болушуп, иш алып барып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×