Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуМосква району 21.02.2015 15:39

Москва районунда Эне тил фестивалы өткөрүлдү

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда Эне тил фестивалы өткөрүлдү. Бул майрамды райондун маданият бөлүмүнүн жетекчиси Анара Гилетирова башында турган бөлүмдүн кызматкерлер тобу уюштурушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Билдирүүгө караганда, райондун Петровка айылындагы маданият үйүнүн жасалгалуу залында белгиленген. Фойеде райондогу жашаган диаспоралардын өкүлдөрүнүн улуттук тамактарынын жана колдо жасалган эмгектеринин көргөзмөсү болгон.
Маалыматка ылайык, алгач Кыргыз Республикасынын гимни жана майрамдык кеп айтылгандан кийин, сахнага диаспоралар чыгып, майрамдык шаң тартуулашты.

Ар бир диаспора кезек-кезеги менен өзүнүн тили жөнүндө, колдорунун келишинче кооз нерселерди жасашып, ыр саптарын, интермедия, оюн-зоок, каада-салттарын тартуулашты, деп билдирилет маалыматта.
Фестивалдын жыйынтыгында катышуучуларга дипломдор жана эстеликке белектер тапшырылды. Биринчи фестиваль, буга окшогон майрамдарды уюштуруу Кыргызстанда жашаган калктын тили, дили жана каада-салттарын таанууга жакшы мүмкүнчүлүк берээрин аныктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×