Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуМосква району 22.05.2015 11:45

Москва районунда 45 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келе жаткан А.Стрельникова 70 жылдыгын белгиледи

Turmush -  Москва районунун Петровка айылынын Черняховка орто мектебинде коомчулуктун катышуусунда майрамдык салтанат өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Астаров, айылдык депутат Калыбек Абдыразаков, ата-энелер жана окуучулар катышышты.

Концерт мамлекеттик гимн менен башталып, 45 жылдан бери мугалимдик кесипти үзүрлүү аркалап келе жаткан, азыркы учурда 4-класстын мугалими Александра Стрельникованы 70 жылдык мааракеси менен куттукташып, сыйлуу орунга отургузушту.

Д.Астаров өз сөзүндө: «Ар дайым кубанычыбызды, кайгыбызды тең бөлүшкөн апаларыбыздын жүздөрүнөн күлкү кетпесин. Ден соолукта болушуп, төрүбүздө сый-урматыбызды көрүшсүн. Майрамыңыздар менен чың жүрөктөн куттуктайм!», - деди.

Ал эми мектептин мүдүрү Роза Раимбекова ардагер мугалимге чың ден соолук, узун өмүр, ийгилик каалап, мектептин атынан ардак грамота жана микро толкундуу меш тапшырды. Ошондой эле, Александра Стрельникованын мектепти бүтүрүп кеткен окуучулары өздөрүнүн белектерин беришсе, Петровка айыл өкмөтү менен айылдык депутаттар акчалай сыйлык ыйгарышты.

Андан соң окуучулар тарабынан даярдалган майрамдык салтанаттын көпчүлүк бөлүгү эмгеги сиңген мугалимге арналды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×