Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусуМосква району 21.08.2015 13:32

Москва районунда кичинекей окурмандар үчүн өтө кызыктуу китептин бет ачары өттү

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Москва райондук китепканасында балдарга арналган «Девочка – мухотаракан. Превращение» аталышындагы китептин бет ачары болду.

Иш-чарага кичинекей окурмандар, ата-энелер, китепканачылар жана китеп сүйүүчүлөр катышты, деп билдирди аймактык кабарчы. Алар, 7 жаштан 14 жашка чейинки балдарга ылайыкталган китептин мазмуну менен бөлүшкөн китептин авторлорунун бири Юлия Фёдорова менен жолугушту.

Ал белгилегендей, жомоктогу каарман Анна ооруп ооруканага жатып калат. Ал жактан сүйлөй алган, акылдуу Христофор Колумб аттуу таракан менен таанышат. Таракан кызга жакшы нерселерди үйрөтүү менен айыгып кетүүсүнө жардам берет.

«Бир караган кишиге автор бардык эле балдардын кадимки жашоосун чагылдыргандай. Бирок окуянын жүрүшүндө көптөгөн кызыктуу, сыйкырдуу жана күлкүлүү учурлар окурманды өзүнө тартып кетет. Китеп беттеринен китептин авторлорунун бири Анастасия Ермолинанын көптөгөн кызыктуу, өзгөчөлүү иллюстрацияларын кезиктирүүгө болот. Китептеги түстүү сүрөттөр балдардын жан дүйнөсүндө пайда болгон суроолорго жооп бере алгандыгы бизди кубандырып турат», - деди иш-чарага келгендердин бири.

Автордун айтымында, «Девочка-мухотаракан» китебинде жазылган айрым окуялар Санкт-Петербургда болгон.

«Бул окуянын башталышы гана. Биз дагы 5 китеп чыгарууну пландап жатабыз. Азыркы учурда чыгарманын уландысын жазуу менен алекпиз. Аны күз айларында жарыкка чыгарабыз. Бирок кийинки чыгарылган китептерде Кыргызстандан да каармандар болот», - деп убада берди автор.

Ачылыш аземдин соңунда каалоочулар автордун кол тамгасы коюлган китептерди алып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×