Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуМосква району 03.12.2015 16:16

Москва райондук суу чарбасы 85 жылдык мааракесин белгиледи (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва райондук суу чарба башкармалыгы түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгын белгиледи, деп билдирет аймактык кабарчы. Буга байланыштуу райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залына башкармалыктын кызматкерлери, ардагерлери, Чүй облустук суу чарбасынын жетекчилери чогулду.

Райондук суу чарбасынын жамааттык кошуунунун төрагасы Данияр Сатиев мааракеге келген конокторго аталган чарбанын түзүлүү тарыхын айтып, 85 жыл аралыгында аткарган кызматтары менен тааныштырды.

Андан кийин куттуктоо сөзү өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Турусбек Султаналиевге берилип, ал аталган башкармалыкты акыркы 30 жылдан бери жетектеп келе жаткан Геннадий Хлоповду иш билги жетекчи катары сыпаттады.

Облус жетекчисинин атынан Д.Гурб менен Т.Жаманкуловго Ардак грамота тапшырылды.

Ал эми Москва районунун акими Таалай Иманкулов суу чарба кызматкерлерине ден соолук, ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт, каалап алардын өз кызматына жоопкерчиликтүү мамиле жасагандыктарын белгиледи.

Кызматтагы жетишкен ийгиликтери үчүн аким Т.Коноповго Ардак грамота тапшырды.

Аталган башкармалыкта көп жыл эмгектенип, бул тармактын өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар кызматкерлерге «КРнын суу чарбасынын отличниги» наамы берилди.

Суу чарба башкармалыгында иштеп, пенсияга чыккан ардагерлерге «Суу чарба башкармалыгынын 85 жылдык мааракеси» медалы ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×