Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуМосква району 11.12.2015 11:48

Иттерди атуу адамгерчиликке жатпайт, бирок бизде аларды багууга каражат жок, - Москва районунун Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Москва районунун Биринчи май айыл аймагынын жашоочулары алар жашаган үйлөрдүн жанындагы таштандыларда жолбун иттер топтолуп жүргөнүн жана бул абал аларга ыңгайсыздык жаратып жатканын Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти.

Аталган аймактын жашоочу Валентина Харитонова жергиликтүү бийлик бул маселеге көңүл бурбай жаткандыгын айтты.

«Биз жолбун иттерди атып жок кылып жатабыз, алардын саны азаюуда, деп жергиликтүү бийлик айтып келе жатат. Бирок, иттер жайында да кышында да айланада абдан көп болууда. Мен ал иттерден коркпойм, бирок көчөдө ойноп жүргөн же мектептен келе жаткан балдарды каап алабы деп сарсанаа болом. Мындан тышкары алар таштандыларды ташып, айлананы булгашат. Мүмкүн биздин үйдүн жанындагы таштанды жума сайын тазаланып турса иттер көп чогулмак эмес. Бул жердеги таштанды бир нече жылдан бери тазалана элек», - деди В.Харитонова.

Тургундардын мындай нааразычылыгына Биринчи май айыл аймагынын башчысы М.Кадыркулов жооп берди.

«Айыл өкмөттө жолбун иттерди атуу иш-аракеттерин биз РИИБдин, ветеринардык кызматтын, «Саралаев» жеке ишканасынын өкүлдөрү жана ит атууга сертификаты бар мергенчилер менен биргеликте ишке ашырабыз. Күн ысык мезгилде атууга болбогондуктан бул иш-аракеттерди кыш мезгилинде жүргүзөбүз. Кар түштү, эми жолбун иттер атыла баштайт. Бул үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50 миң сом каражат бөлүнгөн.

Иттерди атуу албетте адамгерчиликке жатпайт. Негизи аларды кармап, жууп тазалап, оорусу болсо айыктырып, атайын жайда багыш керек болчу. Бирок бизде бул үчүн каражат жок», - деди М.Кадыркулов.

Жергиликтүү тургундар «Саралаев» жеке ишканасы менен келишим түзүп, ай сайын таштанды чыгаруу кызматынын төлөмдөрүн төлөп турса, таштанды өз убагында тазаланып турат, деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×