Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусуМосква району 17.12.2015 14:14

Москва районунда 4 жыл чогуу жашаган күйөөсүн аялы бычактап өлтүрдү

Turmush -  Ушул жылдын 7-декабрынан 8-декабрга караган түнү Чүй облусуна караштуу Москва районунун Садовое айылында адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Москва РИИБден маалымдалды.

Берилген маалыматка ылайык, кылмыш тууралуу РИИБге окуя болгон үйгө коңшу жашагандар билдирген. Ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, кылмышка шектүү жаранды кармашкан жана ал дароо күнөөсүн моюнуна алган.

Ыкчам топтун иликтөөсү боюнча каза болгон А.Г. менен кышмышка шектелген К.С. 4 жылдан бери жарандык никеде жашаган.

Түгөйлөр кожоюнунун малын багып, жерин карап, мал сарайдын жанында жайгашкан үйдө тургандыгы белгилүү болду.

Окуя болгон күнү алар спирт ичимдиктерин ичип мас абалда болушкан. Жубайлардын ортосунда пикир келишпестиктер чыгып, аялы күйөөсүнүн курсагына бычак сайып, А.Г. алган жараатынан улам окуя болгон жерден көз жумган.

Учурда бул кылмыш боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×