Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуМосква району 24.12.2015 13:47

Айыл турмушу: Москва районунун Маловодное айылынын тургуну К.Бейшенбаева күнөскана иштетүүнүн өзгөчөлүктөрүн айтып берди (фото)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Москва районунун Маловодное айылынын тургуну Күмүшай Бейшенбаева Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде күнөскана иштетип, бизнес жүргүзүүнүн сырларына токтолду.

Ишкердин айтымында, ушул жылдын август айынан тартып ал күнөсканага бадыраң тигүү менен ишин баштаган. Күнөскананын ээлеген аянты 2 сотых жерди түзөт. Буга чейин ал огородуна жашылча-жемиштерди өстүрүп келген. Мындан улам ал үй-бүлөсү менен кеңешип, жашылчаларды күнөсканада өстүрүү чечимине токтолушкан. Күнөскана куруу үчүн жалпысынан 460 миң сом каражат сарпталган.

Ал белгилегендей, жашылчаны өстүрүүдө эч кандай көйгөйлөр жаралган эмес: бадыраңды отургузгандан кийин анын 90%ы өнүп чыккан, бир канча күндөн соң ал өнбөй калган бадыраңдардын уругунун ордуна жаңы уруктарын отургузган.

Күнөскана иштетүүдө кылдаттыкты талап кылган жумуштардын бири — анын ичиндеги температураны +18 градустан түшүрбөй, бир калыпта кармоо.

«Бирдей температура кармалбаса, жашылчанын сатапына доо кетет. Күнөскананын ичиндеги температура төмөндөп кетсе, түшүм ооруй баштайт да ишкерлер көп чыгымга учурайт. Мен атайын бул багытта өткөн тренингдерге барып агрономдордон кеп-кеңештерди алып турам», деди ишкер.

Анын белгилөөсүндө, биринчи түшүм октябрь айында жыйналып, күнүнө 12-16 килограммдан бадыраң жыйнашкан. Жалпысынан 2,5 ай ичинде фермер 600-700 кг бадыраң жыйнаган.

Ал эми айыл чарба адистери бул жакшы көрсөткүч экендигин билдиришкен.

«Товарды сатууда эч бир көйгөй жаралган жок. Түшүмдүн жарымын үйдөн эле келген кардарларга саттык, жарымын базарга алып барып сатып жаттык. Биздин бадыраңдын даамын билип калгандар туруктуу кардарлар болуп калды», - деген К.Бейшенбаева күнөскана иштетип бизнес жүргүзүү өтө коп түйшүктү талап кылбаганы менен кирешелүү экенин белгиледи.

Анын үй-бүлөсү күнөскана шартында жашылча өстүрүүнү 2,5 ай аралыгында үйрөнгөн. Эми чарбасын кеңейтүүнү пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×