Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуМосква району 24.12.2015 15:45

Москва районундагы өкүлдүн атынан 2 үй-бүлөгө 5000 сомдон жардам берилди (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Турусбек Султаналиев 17-декабрда Москва районундагы 2 үй-бүлөгө барып, өкүлдүн атынан акчалай жардам тапшырды, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Үй-бүлөлөрдүн бири Беловодское айылында жайгашса, 2-си Аң-Арык айылында жашайт. Өкүлдүн орун басарын район акими Т.Иманкулов жана райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Г.Спиваковалар коштоп барышты.

А дегенде алар Аң-Арыктагы атасы инсульт оорусунан улам майып болуп калган көп балалуу үй-бүлөгө барышты.

Андан соң Беловодское айылында жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кыздын абалынан кабар алып, 2 үй-бүлөгө тең жаңы-жыл майрамынын урматына 5000 сомдон жардам тапшырылды.

Аталган үй-бүлөлөрдүн көйгөйлөрүн укканТ.Султаналиев акимге ал маселелерди чечүүнү тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×