Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуМосква району 07.01.2016 11:23

Москванын Предтеченка айылында жаштардын демилгеси менен жаңы спорт зал пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Жаңы жылдын алдында Москва районундагы Предтеченка айылындагы жаштар комитетинин демилгеси менен спорт залдын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага жергиликтүү жетекчилер, жашоочулар, айыл аксакалдары жана жаштар катышты.

Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, мурунку жылы жаш лидерлер айыл өкмөткө долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү суранычы менен кайрылган.

Жыйынтыгында мурунку бала бакчанын имараты бөлүнгөн. Белгилүү болгондой, аталган имаратты айыл өкмөт бала бакча ачуу максатында оңдоп-түзөөдөн өткөргөн.

Жаштар комитетинен бөлүнгөн 20 миң сом жана демөөрчүлөрдөн чогулган жалпы 80 миң сомдук каражатка спорт залга зарыл болгон жабдуулар алынды. Анда негизинен күрөш боюнча машыгуулар өтөт. Айыл өкмөт жаңы ишке кирген спорт залдын электр энергиясы менен кароолчунун эмгек акысын төлөп берүү милдетин алды.

Ошондой эле жаштар комитети ушул жылы окуучулар үчүн ар кандай ийримдерди уюштурууну пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×