Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Чүй облусуМосква району 28.01.2016 11:42

Москва районунан 55-56 жаштардагы европа улутундагы адамдын жансыз денеси табылды

Turmush -  26-январь күнү саат 12:00дөр чамасында Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айылынан европа улутундагы 55-56 жаштардагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылды.

Москва РИИБден Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдалгандай, каза болгон жаранды текшерүүгө алганда анын денесинен зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес.

Маркумдун үстүндө кара күрмө, кара шым кызыл байпак болгон.

Өзгөчө белгиси: сол колунда татуировка тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×