Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Чүй облусуМосква району 28.01.2016 19:13

Чүйдүн Москва районунда тиричилик буюмдарын уурдаган уурулар изделүүдө

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда уурулар изделүүдө. Бул тууралуу Москва РИИБ билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-январда Петровка айылынын 1992-жылкы тургуну М.Б. арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, 23-январь күнү саат 07:00-11:00 чамасында белгисиз адамдар арыздануучунун үйүнөн «Самсунг» кир жуучу машинасын, «Ротор» термосун жана электр эт туурагычын уурдап кетишкен.

Жалпы чыгымдын суммасы 21 миң 300 сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×