Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуМосква району 09.02.2016 16:40

Москва районунда каракчылыкка шектелип кармалган жарандын дагы бир кылмышы аныкталды

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Москва районунун Беловодск айылында тоноочулукка шектелип Нарын облусунун 28 жаштагы тургуну Ш.Т. кармалды. ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдалгандай, кылмыш өткөн жылдын 27-ноябрында саат 21:00 чамасында болгон.

Бет кап кийген бир нече белгисиз адамдар алкоголдук ичимдиктерди чыгарган жеке ишкананын кеңсесине кирген.

Ал жерден алар кароолчунун колу, бутун таңып, андан ары эсепчинин бөлмөсүнө кирип, аны коркутуп сейфти ачтырган. Андагы 1 млн 500 миң сом акчаны алышкан.

Андан кийин короодон ишкананын бухгалтерине тиешелүү «БМВ» үлгүсүндөгү унааны айдап кетишкен. Бирок бул унаа көп өтпөй Сокулук районунун айылдарынын биринен табылды.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (тоноочулук) менен кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери тарабынан Ш.Т. аттуу тургун кармалып, ал Сокулук РИИБ тарабынан башка кылмышка шектелип изделип жаткандыгы аныкталды.

2014-жылдын декабрь айында ушул эле жеке ишкана жаңы жыл майрамын жамааты менен белгилеп жаткан чакта Сокулук районундагы кеңсесине белгисиз адамдар кирип, сейфтеги кызматкерлердин айлык маянасы деп катылган 580 миң сом каражатты уурдап кеткен.

Бул иш боюнча уурулук боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышкерлер кармалып, сот жоопкерчилигине тартылган. Бирок кылмышка катышкандардын бири Ш.Т. кармалбай, жашырынып жүргөн. Кармалгандан кийин ага карата адам өмүрүнө кол салуу, тоноочулук жана автоунаага мыйзамсыз ээ болуу күнөөлөрү тагылды.

Москва райондук сотунун токтому менен кылмышкерди 2 айга камакка алуу чарасы кабыл алынган. Бирок Сокулук районунун жактоочулары бул ишти башка тергөөчүгө өткөрүп, ишти созууга аракеттенип жатканы айтылууда.

Ал эми уурдалган 580 миң жана андан кийинки 1,5 млн сом өлчөмүндөгү акча буга чейин табыла элек Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×