Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусуМосква району 18.02.2016 10:18

Москва районунун башталгыч классынын окуучулары Билим берүү жана илим министрлигинен белек алды (фото)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Спартак атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалимдери жана окуучулары билим берүү жана илим министри Элвира Сариевадан балдар үчүн кыргыз тилиндеги китептерди белекке алды.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалым болгондой, аталган мектепте өткөн жылдын ноябрь айынан тартып «Балдарга китеп окуйлу» долбоорунун алкагында алгылыктуу иштер жүрүп келген.

Анда башталгыч класстын окуучуларынын ата-энелери жана жакын туугандары балдарга күн сайын классикалык көркөм чыгармалардан 15 мүнөт үзүндү окуп беришет.

Бул үчүн алгач ата-энелер мугалимдер менен кеңешип, чыгарманы тандап алат. Ошондой эле балдардын ата-энелерине үйлөрүнөн кызыктуу китептерди алып келүүгө уруксат берилген.

Аталган долбоор балдардын көркөм адабиятка болгон кызыгуусун арттырып, ал аркылуу ой-жүгүртүүсүнүн өсүшүнө өбөлгө болот.

IMG_1353

фото0141

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×