Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуМосква району 03.03.2016 13:59

Москва РИИБ өспүрүмдөрдү терс көрүнүштөрдөн коргоонун аракетин көрүүдө

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Москва РИИБдин кызматкерлери өспүрүмдөрдүн коомдогу терс көрүнүштөргө аралашуусунан коргоо үчүн ата-энелерине атайын тартиптик чектөөлөр жөнүндө эскертти.

Москва РИИБден Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдалгандай, балдарды терс көрүнүштөрдөн коргоо иш-чарасы КРнын «Балдардын ден соолугунун чың болушуна, физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жактан өсүшүнө залал тийгизүү боюнча чаралар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык өткөрүлдү.

Ата-энелерге балдардын коопсуздугу жөнүндө эскертүүлөрдө 18 жашка жете элек өспүрүмдөр сутканын каалаган убагында алкоголдук ичимдиктер сатылган жайларда жүрүүгө тыюу салынганы айтылды.

Саат 22:00дөн кийин өспүрүмдөр коомдук жайларда — кафе, ресторан, парк, автобекет, коомдук транспорттордо, спорттук аянттарда жана интернет-кафелерде ата-энесинин же улуу жаштагы жакын адамдарынын коштоосунда гана жүрүүгө уруксат берилген.

Балдардын мындай тартиптерди сактоосу — ата-энелердин же балдардын жоопкерчилигин алып, баккан адамдардын милдетине кирет.

Бул тартиптер бузулса өспүрүмдөрдүн ата-энесине же балдардын жоопкерчилигин алып, багып жаткан жакынына КРнын Административдик кодексинин 65-беренесинин негизинде 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин айып салынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×