Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуМосква району 17.03.2016 14:30

Беловодск айылында поезддин алдында калган адам аялына смс-билдирүү калтырган

Turmush -  Мерке–Бишкек каттамы менен келе жаткан поезд 11-мартта саат 07:00дө Чүй облусундагы Беловодск айылынын аймагынан темир жолдо жаткан 30-35 жаштар чамасындагы адамды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Москва РИИБден билдиришти.

«Поезддин айдоочусунун айтымында, каза болгон адам поезддин келерине 50 метр калганда темир жолго жатып алган. Анын мындай кадамга барышына үй-бүлөлүк жаңжал себеп болгон. Каза болгон адамдын телефонунда аялына коштошуу смс-билдирүү жазылган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×