Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуМосква району 28.03.2016 09:17

Москва районунда турмуш курган айымдар арасында «Аалам ажары — 2016» сулуулар сынагы өттү (фото)

Turmush -  Москва районунун Предтеченка айылында турмуш курган айымдар арасында «Аалам ажары — 2016» сулуулар сынагы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чара жергиликтүү таланттардын ыр-күүлөрү менен коштолду. Сынакка Беловодск айылынан Мирзинат Бектурова менен Айсалкын Шаршенова, Кызыл-Туу айылынан Медина Жумагулова, Сретенка айылынан Ламыз Карабекова, Александровка айылынан Динара Абдырахманова катышты. Алардын ар бири үй-бүлөлүк фотоальбом жасалгалап, кыргыз ашканасынын даамдарын жасап келишти.

Сынакта катышуучуларга 5 тапшырма берилди. Алгач ар бир катышуучу өзүн тааныштырып, музыкалык номурлар аткарылды. Ошондой эле ар бир катышуучу менен жеке маек өтүп, андан соң ашканадагы жөндөмдүүлүгүн көрсөтүштү. Акыркы тапшырма улуттук кийимдер менен сахнага чыгуу болду.

Жыйынтыгында 3-орунду Мадина Жумагулова менен Лазым Карабекова ээлеп, 2-орунга Айсалкын Шаршенова татыды. Ал эми 1-орунга Мирзинат Бектурова жазылып, баш байгени Динара Абдрахманова ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×