Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуМосква району 27.04.2016 10:00

«Сары-Өзөн — таланттардын мекени» фестивалдык эстафетасы Сокулук районуна салтанаттуу берилди (фото)

Turmush -  Москва районунда кечээ, 26-апрелде Чүй облусунун 90 жылдык мааракесине карата «Сары-Өзөн — таланттардын мекени» аттуу элдик чыгармалардын фестивалы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдалды.

Иш-чара Садовое айылында өтүп, райондогу диаспоралардын таланттуу өкүлдөрү жана райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте чоң программадагы концерттик салтанат тартуулады.

Маданият үйүнө борбордук китепкана тарабынан «Кыргызстандын тарыхый жолу» аталышындагы көргөзмө уюштурулуп, анда өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон инсандардын сүрөттөрү илинген. Ошондой эле Чүй облусунун жетишкендиктери, кооз жерлери түшүрүлгөн сүрөттөр көргөзмөдөн орун алды.

Китепкананын кызматкерлери «Жайлоо» деген аталыштагы композицияны даярдаган. Композияция өзүнө кийизден жасалган боз үйдү, атчан кыргыз жигиттерин, кыргыздын сулуу бийкечтерин жана жайлоонун жашоосун чагылдырган мал-жандык, өсүмдүктөрдү камтып турат.

Фестивалга келген конокторго ачык маанай тартуулоо үчүн райондун айылдарынын маданият үйлөрүнүн бардык кызматкерлери даярданган. Алар кыргыздун улуттук тамак-аштары — казы-карта, олобо, куурдак, бешбармак, чучук, курут жана башка тамактардын түрлөрүн жасаган.

Ал эми айылдык уз-чеберлер улуттук кийим-кечелерди, кыргыз орнаменттери түшүрүлгөн төшөк, жаздык, калпак, чапандарды тигип, фестивалдагы көргөзмөгө алып чыкты. Ошондой эле Бала-Айылчы айылынын тургуну Ш.Мырсекова жалаң кийизден жасалган улуттук буюмдарды келген конокторго көрсөттү.

Фестивалга келген коноктордун көңүлүн концерттик программа ачты. Анда манасчылар «Манас» эпосунан үзүндү айтса, комузчулар күү чертип, дагы башка улуттук аспаптар ойнолуп, интермедиялар аткарылып, эстрада ырчыларынын ырлары жаңырды.

Мындан башка көптөгөн программалар көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Концерт жалпы катышуучулардын «Ак-Суу гимни» «Сары-Өзөн» жана «Биздин ураан» чыгармаларын чогуу аткаруу менен жыйынтыкталды.

Аткарылган концерттик номурлар өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаңыл Айдакеева төрайымдык кылган калыстар тобу тарабынан бааланды.

Мындай фестиваль буга чейин Жайыл районунда өткөрүлүп, кезек Москва районуна берилген. Москва району фестивалдык эстафетаны Сокулук районуна сунду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×