Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуМосква району 02.03.2017 14:56

Москва районундагы китепканачылардын маянасын кыскартабыз деп жатышат, - Сырга Касымбекова (маек)

Turmush -  Москва районундагы китепканалардын абалын билүү үчүн аймактык кабарчы райондун борборлоштурулган китепканасынын башчысы Сырга Касымбекова менен баарлашты.

- Сырга Токоновна, райондогу китепкана тууралуу кеп салсаңыз.

- Ч.Айтматов атындагы 1, айылдык 18 жана 1 балдар китепканабыз бар. Жалпысынан 30 китепканачы эмгектенет. Кызматкерлердин улуусу 63 жашта болсо, кичүүсү 22 жашта. Райондук китепканабызда доолбордун негизинде ачылган «Маалымат, край таануу» музейи иштейт. Бизге Москва райондук мамлекеттик администрациясы, Чүй облустук китепканасы, Кыргызстандагы Американын өкүлчүлүгү колдоо көрсөтүп турушат.

- Азыркы учурда интернет колдонгондор көп. Китепканага баш баккан окурмандар барбы?

- Азыр мурункуга салыштырмалуу китепканага келип китеп окуган инсандар аз. Бизде 2 жыл мурун окурмандарыбыз азыраак эле. Учурда күнүнө аз дегенде балдар китепканасына 80ге жакын окурман келсе, Ч.Айтматов атындагы китепканага 20дан ашык окурман баш багат. Алардын көпчүлүгү мектеп окуучулары жана улуу муундагы инсандар. Райондук китепкана республикалык бюджеттен каржылангандыктан көчүрмөлөрдү жана башкаларды акысыз кылып беребиз.

- Жалпысынан фонддо канча китеп бар?

- Район боюнча 217 миң китеп бар. 2016-жылы 563 китеп келген. Ал эми быйыл 2 айдын ичинде 138 китеп келди.

- Көбүнчө кандай китептер жетишпейт?

-Негизи бизде орус тилиндеги китептер көп. Мисалы 217 миң китептин 36 миңи гана кыргыз тилинде. Балдарга арналган жана кыргыз жазуучуларынын китептери жетишсиз.

- Иш-чараларды уюштуруп турасыздарбы?

- Албетте, акындардын мааракелеринде адабий кечелерди, жолугушууларды өткөрөбүз. Майрамдарда китеп көргөзмөлөрдү уюштуруп турабыз. 2016-жылдын ноябрь айынан баштап «Китепканага китеп белекке бер» аталышында акция уюштурганбыз. Буйруса жыйынтык жакшы. Анткени 4 айдын аралыгында 1000 чукул китеп фондубузга түштү.

- «Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» демекчи көйгөйлөр да бар болсо керек.

- Борборубуздагы китепканалардын абалы жакшы. Ал эми айылдык китепканаларда кыш мезгилинде абал начар. Айылдык китепканаларга шарт түзүп беришсе жакшы болмок. Ошондой эле, айлык акынын аздыгына байланыштуу жаш кадрлар жетишсиз. Кээ бир айыл өкмөттөрдө китепканачыларды жарым ставкага которуу сунушталганы айтылууда. Негизи саламаттыкты сактоо, маданият жана билим берүү тармактары элибизге аба менен суудай керектүү нерсе эмеспи. Андыктан кадрларды кыскартпастан шарт түзүп берип, мамлекет ар тараптан колдоо көрсөтсө болмок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×