Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуМосква району 24.03.2017 08:13

А.Нурбеков — Москва районундагы эң жаш айыл өкмөт башчысы (резюме)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 26 жаштагы Асылбек Нурбеков шайланды.

Ал 1990-жылы Москва районунун Ак-Башат айылында төрөлгөн.   

Билими:  

- 2012-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУ;

- 2015-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы.  

Эмгек жолу:

- 2012-жылдын сентябрь айынан тарта Чүй облусунун Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси;  

- 2016-жылдын 11-декабрында Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты; 

- 2017-жылдын 25-январында Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айыл аймагынын башчысы;   

Ошондой эле, Москва райондук аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү, №7306 шайлоо участкасынын катчысы, 2016-жылы «Орус тилдүү мамлекеттерде заманбап айыл чарба техникасын эксплуатациялоо жана аны башкаруу» аталышындагы эл аралык семинардын (Кытай Эл Республикасы) катышуучусу болгон.  

Чүй облусунун Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, Москва райондук администрациясынын, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн грамоталары менен сыйланган.  

Учурда бойдок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×