Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Чүй облусуМосква району 07.04.2017 09:39

Москва районунда балдар китеп жумалыгы өткөрүлүп жатат (фото)

Turmush -  Москва районунда балдар китеп жумалыгы өткөрүлүүдө. Райондук борборлоштурулган китепкананын жетекчиси Сырга Касымбекова билдиргендей, китеп жумалыгы 3-апрелден тарта башталган. Ага Курманбек Сыйданов атындагы мектептин, Биринчи май, Беловодск №2 орто мектептеринин, «Таң нуру», «Баластан» билим берүү бөлүмдөрүнүн окуучулары катышууда.

Китеп жумалыгынын алкагында окуучулар айлампа, викторина оюндарын ойноп жатышат. Мындан тышкары балдар китепканасынын кызматкерлери окуучуларга ар кандай жомокторду сахналаштырып көрсөтүшүүдө. Ошондой эле, иш-чарага активдүү катышкан окуучуларга сыйлыктар тапшырылып жатат.

Бул иш-чара 10-апрелге чейин улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×