Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуМосква району 11.04.2017 10:29

Биринчи май орто мектебинде «Сүйүү жалыны» адабий-музыкалык кече өттү (фото)

Turmush -  Москва районундагы Биринчи май орто мектебинде «Сүйүү жалыны» аталышындагы адабий-музыкалык кече болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган кечеге 9-10-11-класстардын окуучулары катышты. Алар дүйнө акындарынын сүйүү тууралуу чыгармаларын көркөм айтып беришти. Ошондой эле, жандуу үн менен махабат темасындагы ырларды аткарышты. Мындан тышкары, А.С.Пушкиндин «Евгений Онегин», Шекспирдин «Ромео & Джульетта» чыгармаларын сахналаштырып көрсөтүштү.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×