Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуМосква району 27.04.2017 08:58

Москва районунда «Жыл мугалими — 2017» сынагы башталды (фото)

Turmush -  Москва районунда «Жыл мугалими — 2017» сынагы башталгандыгын Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, ага 4 орус жана 7 кыргыз тилдүү мектептердин мугалимдери күч сынашууда. Аталган сынак 2 этаптан туруп, анын биринчи этабына Биринчи май орто мектебинин химия сабагынын мугалими Айсулуу Абдылдаева катышты. Ал сынакта «Туз кислота» темасынын алкагында балдарга сабак өттү. Бул сабактын жүрүшүндө мугалим кеменин капитанынын, ал эми окуучулар кеменин формасын кийип отурушту. Анда, Айсулуу Абдылдаева балдарды деңиз аркылуу химия сабагы боюнча аралга алып өттү. Окуучулар сырдуу, сыноо, эксперименталдык белгисиз аралдарга саякатташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×