Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Чүй облусуМосква району 01.05.2017 11:22

М.Рыскулбеков атындагы өнөр мектебинин окуучулары эл аралык сынактарда алдыңкы орундарды багындырды фото

Turmush -  Москва районунун Мукан Рыскулбеков атындагы балдар өнөр мектебинен билим алган жаштар кыргыз искусствосуна салым кошуп, бир топ ийгиликтерди жаратып келишет. Алардын жетишкендиктери тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин мүдүрү Гүлкайыр Үсөнова айтып берди.

- Гүлкайыр айым, алгач маекти мектептин тарыхынан баштасак.

- Биздин Мукан Рыскулбеков атындагы балдар өнөр мектеби Чүй облусу боюнча жалгыз искусство мектеби десек болот. Ал 1960-жылы музыкалык мектеп болуп ачылган. Ал эми, 2001-жылы көркөм мектеп болуп, 2008-жылы ага белгилүү ырчы, обончу, актёр Мукан Рыскулбековдун ысымы ыйгарылган.

- Мектепте жалпы канча таланттуу окуучу тарбияланууда?

- Фортепианодо 65, комузда 94, аккордеондо 9, гитарада 21, чопо чоордо 12, сүрөттө 57, кийизден жасалган буюмдарда 11, бийде 67, эстрада вокалында 15, фольклор вокалында 11 окуучу билим алууда. Жалпы 362 таланттуу балдар билим алып жатышат.

- Жетишкендиктер, ийгиликтер тууралуу айтсаңыз.

- Биздин жетишкендиктерибиз абдан көп. Диплом, ардак грамоталарыбыз да көп. Республикалык пианисттер сынагында Бек Мин Жун аттуу окуучубуз 1-орунду, эл аралык «Мээрим» фонду уюштурган республикалык сүрөт сынагында Лукьянченко Саша 1-орунду алган. Эл аралык «Арт Город» сүрөт сынагында Тайирдин кызы Нуриза активдүү катышкандыгы үчүн сертификат менен сыйланган. Ошондой эле, Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулган «Билим» фестивалына 62 окуучубуз менен 7 мугалимибиз жигердүү катышып, жылдын мыкты окуу жайларынын катарын толуктаганбыз. Мындан тышкары республикалык «Достук шаңы» сынагында комузда мыкты кол ойноткондугу үчүн Өмүрбек уулу Оомат аттуу окуучубуз 1-орунга ээ болуп, Индияга жолдомо алган. Элиза Канатбекова деген кызыбыз жеке компания уюштурган жарышка катышып, баш байгени жеңип алган. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышкан 50 комузчубуз президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык катын алды.

- Дагы кандай алгылыктуу иштерди жасадыңыздар?

- Мектептин сыртын жаңыладык, кабылдама, мүдүрдүн иштөө бөлмөсүн, 2 көркөм классты, кире беришти жана бардык класстарды оңдоо-түзөө иштерин жүргүздүк. Ошондой эле, кийизден жасалган буюм, бий, вокал, гитара, театралдык мастер-класстарды ачтык. Бул мектептин мүдүрү болгонума 5 жылдын жүзү болуп калды.

- Өзүңүздүн сыйлыктарыңыз тууралуу айтсаңыз.

- Көптөгөн диплом, ардак грамота, ыраазычылык каттар менен сыйландым. «Ыйык тил» жана «Ала-Тоо айымдары» төш белгисинин ээси болдум. Жаштарды Мекенди сүйүүгө тарбиялоодогу салымым үчүн төш белги менен сыйлангам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×