Чүйдөгү М.Рыскулбеков атындагы балдар өнөр мектеби отчеттук концертин берди (фото)

Маалым болгондой, майрамдык кечеге Москва районунун акиминин орун басары М.Карагулов, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка кафедрасынын башчысы, доцент К.Жакыпов, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство университетинин тарбия иштери боюнча проректору Э.Турганбаева, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү М.Озубеков, Москва районунун маданият бөлүмүнүн башчысы Ж.Молдокулова жана башкалар катышты.
Аталган концертте окуучулар «Туулган жер», «Келген жок», «Мөлмөлүм», «Кол чатыр», «Өзбек» чыгармаларын жана кыргыз бийлерин жогорку деңгээлде аткарышты. Ошондой эле, таланттуу окуучулар фортепиано, чопо чоор, комузда кол ойнотушту.
Кеченин сонуңда иш-чарага келген коноктор мектептин мугалимдери Б.Сыдыкова, Р.Кочорбаева, Мударбек уулу Турарбек, И.Чотугулов, А.Мурзакматова, П.Анипаева, Т.Косьяненкого ардак грамоталарды тапшырышты.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка кафедрасынын башчысы, доцент Кубатбек Жакыпов бул мектептин бүтүрүүчүлөрүнө 5 бюджеттик орун бериле турганын билдирди. Ошондой эле, Беловодск, Ак-Суу, Беш-Терек айыл өкмөттөрүнүн башчылары мектептин жетекчилерине акчалай сыйлыктарды тапшырышты.