Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Чүй облусуМосква району 30.06.2017 10:31

Москва районунун уз-чебери Г.Тезекбаеванын белдемчиси республикалык көргөзмөгө коюлду (фото)

Turmush -  Бишкек шаарындагы Г.Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде «Белдемчи» көргөзмөсү болуп өттү. Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, аталган көргөзмөдө Кыргызстандын музейлерине коюлган, жеке коллекциялардын топтомуна кирген жана «Кийиз дүйнө» долбоорунун катышуучулары даярдаган, ошондой эле эл арасынан чогулган белдемчилердин түрлөрү көрсөтүлдү.

Бул республикалык көргөзмөгө Москва районунан уз-чебер Гүлнара Тезекбаева катышып, өзүнүн эмгегин көрсөттү.

«Көргөзмөгө алып барган белдемчимдин кездемеси Кореядан келген. Ага 10 түр жип колдондум. Илгерки туш кийиздерге сайылган сайманын үлгүсүн алдым. Ал эми, сайманы “Кийиз дүйнө” долбоорунун мүчөсү Толсун апа бир жуманын ичинде сайып берди. Белдемчинин 70%ы колго тигилгендиктен, аны 1 айда даярдап бүттүм», - деди Г.Тезекбаева

Белдемчи – аялдардын белден ылдый тартынуучу кийими. Ал баркыт, нооту жана башка кездемелерден этеги жазы, жогорку бөлүгү кууш, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Жээктери саймаланып, кундуз карматылып кооздолот. Белдемчини жазда, күздө, айрыкча кышта тартынат. Белдемчинин кездемеси, тигилиши, көркөмдөлүшү, түсү аны кийүүчү кишилердин жашына, тулку боюна, табитине жараша жасалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×