Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Чүй облусуМосква району 19.09.2017 10:46

Айыл турмушу: Чүйлүк саяпкер З.Толконбаев 8 миӊ долларлык жылкыларды таптайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын 27 жаштагы тургуну Заир Толконбаев 2-классынан баштап эле таза кандуу жылкыларды таптоонун сырын үйрөнгөн. Анын атасы Толконбай кеӊеш өкмөтүнүн убагында Чүйгө аты чыккан улакчы болчу. Аймактык кабарчы чүйлүк саяпкер менен таанышты.

«Менин атам таӊдан кечке чейин таза кандуу жылкыларды таптоо менен алек болчу. Эс тартканы атама жардам берип чоӊойдум. 2-классымдан баштап мен да өзүмө энчилүү болгон жылкыларды таптоону үйрөнө баштагам. Айыл, район арасында өткөн көк бөрү оюндарынан калбай катышып келем. Торпок, кой, акчалай байгелерди утуп жүрөбүз», - деди ал.

Учурда З.Толконбаевдин короосунда Европадан, Россиядан келген асыл тукум жылкылар, саан уйлар жана койлор бар.

«Тулпарларды таптап, спортчуларга, кызыккандарга сатам. Азыркы жылкыларымдын ичинен Красавчик аттуу тулпарымды 5 миӊ долларга баалап жатам. Мунун атасын 8 миӊ долларга саткам. Мындан сырткары, автоунаа алып, аны кайра сатуу менен да алектенем. Келечекте ушул асыл тукум мал чарбаны дагы өнүктүрсөм деген тилектерим бар», - деди ал.

Заир Толконбаев учурда үй-бүлөлүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×