Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Чүй облусуМосква району 12.11.2017 10:19

Москвалык мал уурулар кармалды

Turmush -  Чүй облусунун Москва районунда эки адам мал уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 31-октябрь күнү Москва райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын 40 жаштагы тургуну К.Д. анын 2 баш майда жандыгын уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал малдар Петровка айылындагы короодон уурдалганын билдирген.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иш козголгон. Москва РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө уурулукка шектелип 33 жаштагы И.Ф. жана 37 жаштагы М.А. кармалды. Шектүүлөр Бишкек шаарындагы СИЗО №1 мекемесине камакка алынган, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×