Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Чүй облусуМосква району 30.11.2017 09:55

Москва районунда 54 жаштагы аялды унаа өлтүрө сүзүп кетти

Turmush -  Москва районунун Беловодск айылында 54 жаштагы аялды унаа өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жол кырсык кечээ, 29-ноябрда саат 19:00дөр чамасында катталган. Анын кесепетинен 1963-жылы туулган О.У. аттуу аял алган жаракаттарынан улам, окуя болгон жерде каза болгон. Учурда бул кырсык тууралуу иликтөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×