Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Чүй

«Мекендештер»: Москвада эмгектенген А.Абдыгуловдун жумушун «Дом 2» телекөрсөтүүсүндөй кызыктуу окуялар коштойт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында өскөн 23 жаштагы Аманбек Абдыгулов Россиянын Москва шаарындагы эң алдыңкы ресторандардын биринде бармен болуп эмгектенет. Ал эмгек жамааты менен бирге «Дом 2» телекөрсөтүүсүндөй кызыктуу окуяларга күбѳ болуп, ар бир күнүн кызыктуу өткөрөт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Москва шаарына 2015-жылы келген.

«Жаңы келгенде кыйынчылыктар болду. Айрыкча ресторандын талаптары абдан катуу экен. Азыр кудайга шүгүр баары жакшы. Ѳз ишимдин адиси болдум. Буга чейин компьютердик сервистерде инженер болуп иштедим. Өзүм маалымат технологиялык колледжинен программист кесибин алып чыккам. Бош убакта ушул кесибим менен алекмин.

Ал эми бул бармендикти окуган жокмун. Ар кимди кѳрүп жүрүп эле үйрѳнүп кеттим. Бизде ар улуттун ѳкүлдѳрү эмгектенет. «Дом 2» деген телекөрсөтүүнү кѳрдүңѳр беле? Мына ошол телекөрсөтүүгө эмгек жамаатыбыздын окуяларын окшоштурсак болот. Эмгек жамаатыбыздын ичинде кыз-жигит болуп сүйлѳшүп алгандары андан, бүгүн урушуп, эртеси табышып, ушул жерден чындап сүйүүлѳрүн таап, баш кошкондор мындан көп. Бир күнү комедиялуу, экинчи күнү драмалуу окуяларды көрүп отурабыз», - деди ал.

Аманбек Абдыгулов Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында 1994-жылы тѳрѳлгѳн. Үй-бүлѳдѳ 2 бир туугандын кичүүсү. Ата-энеси Москва районундагы Сосновка айылында жашашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4545
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×