Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Чүй облусуМосква району 19.12.2017 18:30 На русском

Кичи автобус сүзгөн скутер: Айдоочу каза болуп, сүйүктүүсү жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди (фото)

Turmush -  Москва районунда жол кырсыгынын кесепетинен 37 жаштагы эркек киши каза болду. Буга чейин окуянын күбөлөрү АКИpress-Репортерго Бишкек — Кара-Балта унаа жолунда кечээ, 18-декабрда жол кырсыгы катталгандыгын билдиришкен.

Алардын айтымында, Петровка айылында «Мерседес-Бенц Спринтер» кичи автобусу скутерди сүзгөн. Анын кесепетинен скутердин айдоочусу жана анын жанындагы жүргүнчүсү катуу жаракат алышкан.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы тактагандай, жабырлануучу 1986-жылы туулган М.Н. Беловодск айылынын тургуну болгон. Ал райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми, скутердин айдоочусу — 1980-жылы туулган М.К. алган жаракатынан улам окуя болгон жерден көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×