Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Чүй

«Тагдыр»: Таалада иштеп 300 сом тапкан Н.Жолдошеванын 9 жаштагы уулунун майып арабасын уурдап кетишти (фото)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Москва районунун 29 жаштагы тургуну Наргиза Жолдошева 9 жылдан бери тубаса майып болуп төрөлгөн уулунун ден соолугу менен күрөшүп келет. Ал жай мезгилинде баласынын памперси үчүн талаа жумуштарында иштеп, күнүгө 300 сом тапса, кыш келгенде буйрутма менен үйүнөн төшөк каптап иштейт. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

«Жакында эле 16-ноябрда кечки саат 19:00 чамасында майып арабабызды кимдир бирѳѳлѳр уурдап кетишти. Кошунамдын келини 2 киши кѳтѳрүп качып бара жатканын кѳрүптүр. Азыр кайра жаңы майып араба алдык. Учурда баламдын ден соолугуна байланыштуу шаарда батирде турабыз. Жаз келсе кайра Москва районуна кѳчүп барабыз. Анткени азыр айыл суук.

9 жаштагы уулум Аман Жолдошев тубаса майып болуп төрөлгөн. Анын табарсыгы жарылып, төрөлгөндөн бери эле сийдиги булактай болуп агып турат. Мындан тышкары, балам белиндеги чуркусу менен төрөлүп, жамбашы чыгып кеткен. Жолдошум уулубуздун мындай ден соолугуна чыдабай, таштап кетти. Ал кезде Аман 2 жашта болсо, кичинекей уулум 2 айлык боюмда бар эле. Дарыгерлер Аман төрөлгөндө эле "убактылуу багып тур, уулуң көпкө жашабайт" дешкен. Ошол учурда баламдын ден соолугу абдан оор болчу. Азыр кудайга шүгүр, 9 жашка чыкты.

Буга чейин балама эки жолу операция жасалган. Дагы жети операциясы калды. Этап менен болот экен. Өткөндө Кыргызстанга арабдар келип, жардамга муктаж адамдарга бекер операция жасайбыз дешкен. Ал арабдарга мен дагы жолуктум. Алар менин абалымды көрүп, балама операция жасайбыз дешкен. Бирок кыргыз дарыгерлер мени кезекке тургузуп, андан кийин "сага кезек жетпей калды" деп операцияга киргизбей коюшту. Бул операцияга жардамга муктаждар эмес, тааныштары барлар эле кирип кеткендей туюлду. Өзүм да 3-топтогу майыпмын. Оор буюм көтөрүүгө болбойт. Бирок айла жок... Уулумду майып арабасына араң көтөрүп салам. Ошого да шүгүр. Балама 3 миң сом жөлөк пул чектелген. Ал каражатка дары-дармегин жана памперсин сатып алабыз», - деди ал.

Н.Жолдошева уулун майып арабага салып, күн сайын Ак-Торпок айылындагы Ленин атындагы орто мектепке алып барчу. Ушул окуу жылынан бери ал сабакка да бара алган жок.

«Ооба баламды мектепке алып барып окутчу элем. Азыр табарсыгы жарык. Үйдѳ окуп жатат.

Өткөндө Россияга операцияга баралы деп даярданып жатканбыз. Кетерибизге 4 күн калганда баламдын ичинен таш тешип чыкты. Аны сүрѳттѳн кѳрсѳңѳр болот. Ага карабай Москвага барып келдик. Ал жактан дарыгерлер жазында келгиле деп айты. Эми кайра акча топтоп, жаз мезгилинде барабыз. Операцияга 7 миң доллар керектелет. Андан тышкары билет алыш керек жана күнүнѳ 3500 рублдан жатканына тѳлѳнѳт. Операциядан кийинки дарылануусуна 3 миң доллар жетсе керек деп болжолдоп жатам», - деди ал.

Амандын апасы менен (0552) 39 20 60 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1484
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×