Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Чүй

Чоң Чүй каналына кулаган унаа: Бир адам каза болуп, 4 жабырлануучу ооруканага жеткирилди

Turmush -  Москва районундагы жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 4 жабырлануучу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Беш-Корук айылынын аймагында автоунаа Чоң Чүй каналына кулаган. Анын кесепетинен алган жаракатынан улам 1980-жылы туулган М.У. ооруканага жетпей каза болгон. Калган жабырлануучулар ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлдү.

Алар:

- 1989-жылы туулган Б.А., Беш-Корук айылынын тургуну;
- 1988-жылы туулган А.А., Беш-Корук айылынын тургуну;
- 1989-жылы туулган А.Б., Беш-Корук айылынын тургуну;
- 1989-жылы туулган А.Э., Беш-Корук айылынын тургуну. Бул жарбырлануучу баш сөөгүнөн жаракат алып, сыныктар бөлүмүнө жаткырылды. Учурда аталган жол кырсык иликтенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1731
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×