Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Чүй

Мушташ менен коштолгон жыйын: Беловодск айыл ѳкмѳт башчысынын орун басарын депутат ур-соккуга алды

Turmush -  Беловодск айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары С.Орозалиевди кезектеги сессия учурунда жергиликтүү кеңештин депутаты уруп жиберген. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактардан билдиришти.

Маалым болгондой, Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы 23-декабрда болуп, анда баланска ѳтпѳй келген суу мунарасы тууралуу чыккан чырдан айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары С.Орозалиевди «Республика — Ата Журт» партиясынын депутаты ур-соккуга алган.

Бул окуя боюнча аталган айыл ѳкмѳттүн жооптуу катчысы Аида Казыгулованын тастыктоосуна караганда, орун басар менен депутаттын ортосундагы чыр талаш маселеден келип чыккан.

«Бул окуя 23-декабрда айыл ѳкмѳт башчынын иш бѳлмѳсүндѳ болду. Депутат Советбек Орозалиевден бир топ эле кичүү. Талаш маселенин айынан депутат орун басарды «сен» деп айтып, кырдаал андан ары курчуп кетти. Орун басар жаңы эле келип, ордуна отурган учурда депутат Надырбеков «суу мунаранын иши качан бүтѳт?» деп суроо берген. С.Орозалиев «ушул жуманын аягы менен аяктайт» деп айтса, депутат «сен ѳткѳндѳ эле ушинтип айттың эле, сага сөгүш жарыялаш керек» десе, орун басар «сен деп айтпа, сиз деп айт» деди. Сѳздѳн сѳз чыгып отуруп, Надырбеков аягында ордунан туруп, аны бир муштап калды. Баары ошол жерден ортого түшүп бѳлүштүрүштү», - деди ал.

Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Төлөмүшов орун басар менен депутаттын ортосундагы чырды көрбөгөнүн билдирди.

«Мен кол кѳтѳргѳнүн кѳргѳн жокмун. Сессия менин иш бѳлмѳмдѳ болот. Албетте, биздин сессия ар дайым эле кыйкырык-ѳкүрүк, талаш-тартыш менен ѳтѳт. Сессия деген ушундай болот да. Маселени ошентип талкуулап, талашып жатып чечишет. Мен бери жакта тѳрага менен бир маселени сүйлѳшүп жатканбыз. 2015-жылы суу мунарасынын курулуш иши башталыптыр. Мен быйыл жаңы шайланып келдим. Ал эми, курулуш иштерин быйыл апрель айында бүтүшүптүр. Азыркы орун басарыбыз ошол учурда да иштеген. Чыр ошондон келип чыкты», - деди ал.

Беловодск айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинде 31 депутат бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3060
Көп окулду
×