Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Чүй облусуМосква району 26.12.2017 18:03

Москванын Беловодск айылындагы жол кырсыктан эки адам жабыркап, ооруканага жеткирилди

Turmush -  Москва районунун Беловодск айылындагы жол-транспорт кырсыгынан эки адам жабыркады, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жол кырсык бүгүн, 26-декабрда болжол менен саат 12:00дөр чамасында Бишкек — Кара-Балта унаа жолунун аймагында болгон. Анын кесепетинен эки адам жабыркап, алар райондук оорукананын сыныктар бөлүмүнө жаткырылды.

Алар:
- 1989-жылы туулган Б.А., Москва районунун Беш-Корук айылынын тургуну. Анын мээси чайкалып, баш сөөгүнөн жаракат алган;
- 1943-жылы туулган Л.А., Москва районунун Беловодск айылынын тургуну. Анын мээси чайкалып, баш сөөгүнөн жаракат алган. Учурда жол кырсыгы иликтенип жатат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×