Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Чүй облусуМосква району 27.12.2017 10:00

Маевканын жаштары аялдарды жумуш менен камсыздоо үчүн сулуулук салонун ачышты

Turmush -  Аламүдүн районунун Маевка айылына Германия эл аралык кызматташтык коомунун «Жаштар үчүн жаркын келечек» программасынын, жаштар борборунун жана айыл өкмөттүн колдоосу менен сулуулук салону ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, жаштар борборунун жамааты социалдык ишкерлик базасын түзүү менен айыл жергесиндеги аялдарды жумуш менен камсыздоо боюнча долбоорун ишке ашырган. Анын негизинде сулуулук салону ачылып, тиешелүү жабдыктар алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×