Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Чүй

Темир жолдо кагышкан поезд менен «Хонда Стэпвэгон»: Унааны 48 жаштагы аял башкарып бара жаткан (толукталды)

Turmush -  Бүгүн, 28-декабрда саат 07:00 чамасында Чүйдөгү Москва районунун Беловодск айылындагы темир жолдо кырсык болду.

«Репортерго» окурман тарабынан маалымдалгандай, түндүк тарапка бара жаткан «Хонда Стэпвэгон» үлгүсүндөгү унаа эскертүүгө карабастан темир жолдон өтүүгө аракет кылган. Бирок ал жолдон өтүп кетүүгө жетишпей, түндүк багыттагы поезд менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен поезд унааны 200-300 метрге чейин сүйрөп кетти.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, кырсыктан жабыркагандар бар. Окуя болгон жерге тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү барып, жабырлануучуларды тез жардам кызматынын унаасы менен алып кетишти.

Кийинчерээк Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына өздүк булактардан билдиргендей, аталган автоунааны 48 жаштагы аял киши башкарып бара жаткан.

Ал эми, Чүй облусунун Москва райондук аймактык оорукананын директору Болот Шеримбаевдин айтымында, унаанын ичинде эки адам болгон.

«Автоунаанын ичинде 2 адам бар экен. Бири — Москва районунун Ак-Суу айылынын 1969-жылы туулган тургуну М.Г. болсо, экинчиси анын жээни — 1998-жылы туулган К.А. болгон. Азыр алар ооруканада жатат. 48 жаштагы М.Г. башынан жеңил жаракат алса, жанындагы кыздын 3 кабыргасы сынып, сол жоон санынан, баш сѳѳгүнѳн жаракат алган», - деди ал.

Күбѳлѳрдүн айтымында, унааны башкарып бара жаткан М.Г. поездди байкабай калганын билдирген. Жабырлануучулар жашаган үйүнѳн районду кѳздѳй бара жатканда аталган жол кырсыкка кабылышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 15019
Көп окулду
×