Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Чүй облусуМосква району 30.12.2017 10:56 На русском

Бишкек–Кара-Балта жолундагы кырсыктан аял киши каза болуп, алтоо ооруканага түштү (тизме)

Turmush -  Чүйдүн Москва районундагы жол кырсыктан аял киши көз жумуп, 6 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдашты.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, кырсык бүгүн, 30-декабрда саат 05:00 чамасында Бишкек–Кара-Балта унаа жолундагы Александровка айылынын аймагында болгон.

Ооруканадагы жабырлануучулар:

- 25-30 жаштардагы аял киши, абалы оор;

- 1986-жылы туулган А.И. (эркек киши), Петровка айылынын тургуну;

- 1998-жылы тулуган А.Т.;

- 1986-жылы туулган Э.Э.;

- 1988-жылы туулган Ж.Т.;

- 1985-жылы туулган К.М..

Каза болгон аялдын аты-жөнү такталып жатат. Окуяга байланыштуу тактоо иштери да башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×