Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Чүй

Беловодск айылындагы үйгө кол салгандар 2 аялды өлтүрүп кетишти, үй ээси оор абалда

Turmush -  Москва районунун Беловодск айылындагы үй-бүлөгө белгисиз адамдар ок атуучу курал менен кол салып, 2 аял киши көз жумду. Үчүнчү жабырлануучу – 40-45 жаштар чамасындагы эркек киши оор абалда ооруканага жеткирилген. Куралчан кол салгандар үйдөгү 2 айлык балага тийишкен эмес (үйдө жалпы 4 адам болгон).

Райондук оорукананын дарыгерлери жаагынан оор жаракат алган бейтап борбордогу ооруканага которулганын билдиришти.

Turmush басылмасынын кабарчысы булактар аркылуу тактаган маалымат боюнча, окуя бүгүн, 1-январда саат 04:00 чамасында болгон.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, көз жумган аялдын бири оор абалдагы кишинин кайын энеси болсо, экинчиси – жубайы. Кайын энеси башына тийген октон ошол жерде көз жумган. Ал эми экинчи аял арт жагына тийген октон оор жаракат алган. Ал качып бара жаткан учурда ок атылган деп болжолдонуп жатат.

Жубайлардын эки кызы бар. Жаңы жыл түнү кыздары конокко кетип, алардын бири 2 айлык баласын ата-энесине калтырган. Окуядан кийин наристени туугандары алып кетишти.

Айылдыктардын айтымында, бет капчан кол салгандар үйдөн акча каражатын алып кетиши мүмкүн. Башка буюмдарга тийишкен эмес.

Учурда бул оор кылмышка байланыштуу тажрыйбалуу милиция кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8063
×