Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Чүй

Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсык иликтенип бүтүп, иш сотко берилди

Turmush -  Мурдагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун катышуусундагы жол-транспорт кырсык толугу менен иликтенип бүттү. Бул тууралуу АКИpress агенттигине ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин тергөө кызматы топтолгон материалдарды Москва райондук сотуна өткөрүп берди.

2017-жылдын 7-октябрында саат 06:45 чамасында Бишкек — Чалдовар жолунун 36-чакырымында Москва районунун Садовое айылында «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын жана «Тойота Ленд Крузер Прадонун» катышуусунда жол кырсыгы болгон. «КамАЗдын» 27 жаштагы айдоочусу — Чүй облусунун Панфилов районунун тургуну рулду башкара албай «Тойота Ленд Крузер Прадо» менен кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен Т.Жумакадыров, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Төлөнбек уулу көз жумган. Ал эми, жүк ташуучу унаанын айдоочусу денесинен жаракат алган.

Буга чейин ИИМдин басма сөз кызматы жакынкы убактарда жол кырсык боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыгып, матералдар сотко өткөрүлүп берилерин маалымдаган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмүнүн (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу, бир нече адамдын өлүмүнө алып келүү) негизинде кылмыш иши козголуп, унаанын айдоочучу камакка алынган болчу.

Тема боюнча:

07.10.2017Фото — Жол кырсыктан вице-премьер-министр Т.Жумакадыров дүйнө салды
07.10.2017Каза болгон вице-премьер-министр Т.Жумакадыровдун өмүр баяны
08.10.2017Фото - Бишкекте Т.Жумакадыровдун жардамчысы Н.Жамгырчиев акыркы сапарга узатылууда
09.10.2017Видео, фото: Вице-премьер Т.Жумакадыров Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду
09.10.2017Фото - Т.Жумакадыровдун 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов жерге берилди
07.10.2017Фото — «КамАЗ» Темир Жумакадыровдун унаасын бир нече метрге сүрүп, жол жээкке чыгарды, - күбөлөр
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1918
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×