Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Чүй облусуМосква району 11.01.2018 10:27

Москва районунда 18 жаштагы мас кызды унаа сүзүп кетти

Turmush -  Москва районунун Садовое айылында 18 жаштагы кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жол кырсык бүгүн, 11-январда эртең менен саат 4:00дөр чамасында Садовое айылында катталган. Анын кесепетинен жабыркаган ушул эле айылдын 1999-жылы туулган тургуну М.М. ооруканага жеткирилди.

Кыз баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган. Мындан тышкары, ал алкоголдук ичимдик ичкен абалда болгону айтылды. Азыркы тапта окуя иликтенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×